Экономика жана финансы министринин 8 орун басары болот

Вице-премьер – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Экономика жана финансы министрлигинин эмгек жамаатына өзүнүн орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан 8 орун басар тааныштырылды. Алар:

Министрдин биринчи орун басары – Кыялбек Мукашев;

Министрдин биринчи орун басары – Данияр Иманалиев;

Министрдин орун басары  – Бекболот Алиев;

Министрдин орун басары – Султан Ахматов;

Министрдин орун басары – Элдар Алишеров;

Министрдин орун басары – Мирланбек Байгончоков;

Министрдин орун басары – Сейит Рысалиев;

Министрдин орун басары – Айдин Шаршеев;

Андан сырткары Борбордук казыналыктын директору болуп Садырбек Нарманбетов дайындалган. Борбордук казыналыктын директору министрдин орун басары болуп эсептелбейт.