Экономика министри: «Орусия же Казакстандын аймагы аркылуу товар алып келүүдө чектөө жок»

«Орусия же Казакстандын аймагы аркылуу товар алып келүүдө чектөө жок». Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

«Айрым кыйынчылыктар жаралууда, бирок татаалдашкан тоскоолдуктар жок. Азыр транспорттук логистиканын маселелери жана альтернативдүү маршрут мүмкүнчүлүктөрү активдүү талкууланып жатат. Варианттар дайыма бар. Биз дайыма альтернатива издейбиз», — деди министр.

Анын айтымында, Ташуучулардын ассоциациясынан да азыркы тапта товарды жеткирүү боюнча маселе же товардын тартыштыгы боюнча көйгөй жоктугун билдиришкен.