Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу чечими кабыл алынды. Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.
Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечимге Финансы полициясынын өз милдеттерин жакшы аткарбай жатканы себеп болгонун билдирет.
«Расмий маалыматтарга караганда, көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд сомду же ИДПнын 23,6 % түзөт, ал эми көз карандысыз эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү ИДПнын 24 пайыздан 43 пайызына чейин экендигин белгилешет, бул Финпол өз милдеттерин талапка ылайык аткарбай жатканынан кабар берет. Ошондой эле бизнес коомчулук өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер тараптан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ишкерлердин ишине мыйзамсыз аралаша бере турганы тууралуу даттануулар болгон.
«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ички экономикалык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Финансы полициясы экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдөн тышкары алдын-ала божомолдоо, ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо милдеттүү.
Бирок Финансы полициясы объективдүү түрдө бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө«, — дешти өкмөттөн.











