Экономикалык мунапыс боюча талаштуу мыйзам долбоору парламентте жактырылды

Бүгүн Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Добуш берүү учурунда Дастан Бекешев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко каршы болушту.

Мыйзам долбоору күчүнө кирсе,  бир катар кылмыштардан кутултуп, мамлекетке келтирилген зыянды эки эсе төлөп бергендер камакка алынбай, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат, мыйзамсыз топтогон мүлктү мыйзамдаштырууга жардам берет. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт.

Мыйзам долбоорунун авторлору – Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров жана Марлен Маматалиев болушту.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзамдын негизги максаты каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин билдирди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаеванын айтымында, коррупцияга айыпталгандарга карата бул мыйзам каралбайт.