«Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлерди колдобой, аларды туңгуюкка кептеп жатат». Бул тууралуу пикирин экономист Эмил Ашымбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Мен жаңы Салык кодексинин кабыл алынышына каршы митинг өткөрүүнү демилге кылып жатам. Себеби анда түшүнүктөрдүн алмаштырып коюу орун алган. Баарыбызды 12 ай бою товар жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпаса, анда салык төлөбөйсүңөр деп ишендирип жатышат. Бирок бул жерде түшүндүрүлбөй жаткан учурлар бар. Мындан ары салык кирешеден эмес, ККМ аркылуу өткөн пайдадан төлөнөт. 8 пайызды эсептеп көргүлө! Бул салыктын тамак-аш сатылган жайлар, мончолор, керек болсо, тандырларга да тиешеси бар. Азыр товардын көбү кийин төлөөгө же карызга алынат. Аны кантип ККМ аркылуу жүргүзүшөт? Товар кайтарылса, анда кандай болуп калат?
Биз салыкты төлөп келгенбиз жана төлөй беребиз, бирок ишкерлер менен кызматташкан салык салуунун системасын кабыл алуу керек. Биз пандемиядан бизнестин жардамы менен чыктык. Бүгүн Министрлер кабинети Акылбек Жапаров менен баш болуп, бизнести дээрлик туңгуюкка кептеп жатат, тескерисинче ишкерлерди кодошу керек эмеспи?! Бул кодекс Кыргызстандагы чакан бизнести жок кылат жана жакырчылык менен жумушсуздукту көбөйтөт. Ошондуктан, бардык ишкерлерди эртең, 27-декабрда саат 10:00дө Эски аянтка тынч митинг өткөрүүгө чакырам. Бир гана президент Садыр Жапаровдо үмүт калды. Сураныч Салык кодексин кайра иштеп чыгууга кайтарыңыз», — деп жазылат кайрылууда.