Экс-депутат Чолпон Жакупова: «Интимдик видеолор соцтармакта жайылды. Бул кырдаалга карата эң башында саясатчылар кызыкдар болушу керек эле»

«Интимдик видеолор соцтармакта жайылды. Бул кырдаалга карата эң башында саясатчылар кызыкдар болушу керек эле». Бул тууралуу экс-депутат жана «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан «Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндигинин абалы: сөз эркиндигин коргоо жана укуктук көзөмөлгө алуу маселелери» деген аталыштагы тегерек столдо катышып жатып билдирди.

«Бүгүнкү тегерек столдун башкы темасы бул — басма сөз эркиндигине жана пикир билдирүү эркиндигине байланыштуу ызы-чуулуу кырдаал. Биринчиден, бул — иликтөөчү журналист Болот Темировдун кылмыш иши. Социалдык тармактарда «Temirov LIVE» каналынын кызматкерлеринин жашыруун камерага тартылган, интимдик мүнөздөгү видеолору тарап кетти. «Адилет» укуктук клиникасынын жактоочулары бул окуя боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Өткөн аптада башкы прокурор реакция кылып, маалыматтын ачыкка чыгып кетиши боюнча кызматкерлер жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Бирок анын бул иште жеке жашоого мыйзамсыз кийлигишүүсү аныкталса, анда кылмыш иши козголорун айтканы таң калтырды. Кечирип койгула, видео жайылды, анын мыйзамсыз тартылганы билинди, жабырлануучулар бар, мунун баары кылмыштын курамы да бар экендигин көрсөтөт. Ушул окуяда Жогорку Кеңеш тиешеси жоктой позицияда болуп калды. Биринчи орунда саясатчылар кызыкдар болушу керек. Себеби силер аярлуу кырдаалда турасыңар», — деди Чолпон Жакупова.