Экс-депутат Исхак Масалиев УКМКга сурак берип чыкты

Экс-депутат Исхак Масалиев УКМКга сурак берип чыкты. Бул туурасында саясатчы Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Кечинде мени чакырган УКМКнын тергөөчүсү менен жолуктум. Бир кылмыш иш боюнча күбө катары суроолорго жооп берип чыктым. Ал кылмыш иштин менин азыркы ишмердүүлүгүмө жана саясий көз карашыма тиешеси жок. Урматтуу достор, баарыңыздарга колдоо үчүн ыраазычылык билдиремин», — деп жазды ал.