Экс-депутат Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүүнү талап кылууда

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бузулган укуктарын аныктоо боюнча арызын Бишкек шаарынын Биринчи Май сотуна тапшырды. Ал депутаттык мандатын кайтарып берүүнү талап кылууда. Маалымат боюнча, соттук отурум 25-июнга белгиленген.

2020-жылы октябрда саясатчы Жогорку Соттун анын кылмыш ишиндеги алгачкы эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылган чечими менен БШКнын ага байланыштуу мурунку чечимдерин жокко чыгарып, анын мандатын кайтарып берүүнү суранган. Натыйжада Садык Шер-Нияз бошотуп берген мандат кайтарылган эле. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы анын айыпталуучу деген статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу. Ушул жылдын март айында Жогорку Сот Административдик сот менен Бишкек шаардык соттун «Ата мекен» партиясынын лидерин депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган өкүмүн күчүндө калтырганТекебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун тизме боюнча Шералы Абдылдаев ээлеген. Ал кечээ, 22-июнда «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды.