Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттик казынага 100 миллион сом которду

Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган эмес.

Бирок экс-депутат республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди. Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Сергей Ибрагимов 4-чакырылышта «Ак жол» фракциясынан депутат болгон. Кыргыз өлкөсүндөгү эң бай адамдардын катарына кирет, миллиардер. Кумшекер, фармацевтика, шарап жана башка тармактагы бизнес менен алектенет. «Бакай банкынын» директорлор кеңешинин төрагасы.