Экс-элчи Кылычбек Султан: «Азыркы бийлик — элдин акыркы үмүтү. Аны өчүрүү өтө опурталдуу»

«Азыркы бийлик — элдин акыркы үмүтү. Аны өчүрүү өтө опурталдуу». Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан «New TV» телеканалына маек берип жатып билдирди.

«Өлкөнүн эгемен тарыхындагы алгачкы 15 жыл, кийин 5 жыл, анан 10 жылда эл бийликке ишеним арта берип, ушул окуялардан соң бул жолкусунда феноменалдык көрүнүш болуп, ошол эле учурда акыркы үмүттөй болуп сезилип жатат. Акыркы үмүттү өчүрүү — бул өтө опурталдуу.

Жаңы келген бийликте, командада тарыхый жактан алганда чоң жүк турат. Аны алып кетүүгө албетте, болот. Өлкө тарыхынын эң татаал учурунда, бирок ошол эле тапта элдин эң чоң ишеними артылган жетекчи келди. Бул да парадоксалдуу көрүнүш», — деди Кылычбек Султан.