Экс-элчи Кылычбек Султан өзүнүн катасын жана Атамбаевдин айкөлдүгү тууралуу жазды

Мурдагы элчи Кылычбек Султан өткөн күндөрүнө кылчайып, 2016-жылдын 17-августундагы саясаттагы жаңылыштыгы тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

«Алыскы Малайзияда элчилик кызматты татыктуу аткарып жүргөн кезим… 10 жылдык мораторийге карабай, 2010-жылы кабыл алынган Кыргыз Конституциясын өзгөртүү кампаниясы күчөй баштаган кез эле. Уйкусуз бушайман түн… Баш Мыйзамды өзгөртүү – 2010-жылдан кийин калыптанып келе жаткан демократиялык, саясый маданияттын өнүгүүсүнө сокку болорун сездим. Президент Атамбаевди бул катачылыктан куткарып калуум керек деген ишенимим тынчыбай койду.

Таң атты… Президент Атамбаевге ачык кат жаздым. Алмазбек Шаршеновичти сындагым келген үчүн эмес, сыйлаганым үчүн. Тарыхый катачылыктан сактап калуу үчүн. Кызматтан бошотулдум… Ал эми Конституция дагы бир ирет өзгөртүлдү… мөөнөтүнөн мурда!

Менин саясый, кызматтык катачылыгым эмнеде болду? Бул – президент Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүү аракетин АЧЫК сындаганым болду… Ошол эле кеңешимди ачык кат менен эмес, жеке өзүнө айтсам туура болот эле. Менин ал катачылыгыма карабастан Алмазбек Шаршенович кек сактабады. Түшүнүү менен мамиле кылды. Айкөлдүгүн көрсөттү.

Чоң рахмат Сизге, Алмазбек Шаршенович — деп жазылат билдирүүдө.