Экс-президент Алмазбек Атамбаев абакта отуруп китеп жазды

«Балалыктын сыйкырдуу бакчалары» аттуу бул китеп китеп дүкөндөрүнө сатыкка чыкты. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташы Темирлан Султанбеков билдирди.

“Китепте балалык жана андагы көз ирмемдер тууралуу жазылган. Чыгарма лирикалык негизде болгону менен тамашалуу учурларга бай, ошону менен катар олуттуу өңүттөн да кароону талап кылат. Жашоодогу күнүмдүк түйшүктөргө алаксып жатып эң негизги нерселерден алаксып кетпөөгө чакырат. Бул китеп өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин түрмөдө отурганда жазган биринчи повести”, — дейт Султанбеков.