Экс-президенттин эркиндиги 10 миллион долларга бааланганбы?

Абакта жаткан Мелис Аспековдун билдирүүсү деп социалдык тармактарда кол жазмалар дагы жарыяланды. Ал кол жазмаларда «мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду азыркы бийлик камай албайт. Анткени андан 10 миллион доллар пара алган» деген маалымат камтылган.

Мындан тышкары ал дал ошол адамдын берген акчасы менен анын кызматка келүүсүнө болгон аракетин жасаганы айтылган. Бирок коротулган акчанын салыктары төлөнгөн эмес. Ошондо Аспеков ал адамдын өзүнө барган. «Анын айтымында, эгерде бардык чыгымдарды ачык көрсөтсөк, көп салык төлөйбүз. Эл бизди жеп коёт, мынча акчаны жаңы келип кайдан алдыңар деп ызырынып баштады. Ал адам ачык эле Жээнбековдордон шайлоого деп 10 миллион доллар алганын айтты», — деп жазды ал.

Аспеков шайлоого катышканына өкүнүп жатканын кошумчалаган. «Деги эле бул окуялар эмне менен бүтөт, убакыт өзү көргөзөт. Капа болгонум анын кожоюндары көбөйүп кетти. Эл ар дайым чындыкты билиши керек. Сөзүм кур болбош үчүн ар бир райондун координаторлордун паспорт көчүрмөлөрү менен шайлоого алган каражаттарынын кол каттары далил катары көрсөңүздөр болот», — деп жазган ал.

Жогорудагы билдирүү боюнча азырынча эч бир расмий орган төгүнгө чыгарып же ырастай элек. Бул тууралуу кошумча маалыматтар тиешелүү тараптардан алынгандан кийин кененирээк жарыяланат.

Буга чейин Мелис Аспековго таандык делген кол жазма соцтармакка тарап, анда Финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевге каршы жалган көрсөтмө бер деп жатышканын, укук коргоо кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөтүлгөнү жазылган.