Экс-спикер Канат Исаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышын таратуу керек дейт

Экс-спикер Канат Исаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышын таратуу керек дейт. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, парламенттин 6-чакырылышы менен конституциялык реформа жүргүзүү кылмыштуу, анткени анын легитимдүүлүгү суроо жаратууда. «Баш мыйзамдын азыркы редакциясы менен депутаттар тааныша элек. Конституциялык мөөнөт сакталган эмес. Эгерде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек болсо да, аны жакшылап ойлонуп жана шашпай киргизүү зарыл», — деди депутат.

Канат Исаев башкаруунун президенттик формасына, бир округдан шайлоо жолуна каршы экенин да билдирди. «Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы таратылып, жаңы парламенттик шайлоо күнү белгилениши керек», — деди мурдагы төрага.