Экс-спикер: «Ош коогалыңында Атамбаевге чалып, Курсан Асановду коменданттыкка сунуштагам»

«Ош коогалыңында Атамбаевге чалып, Курсан Асановду коменданттыкка сунуштагам». Бул тууралуу парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Июнь окуясында милиция жана күч органдары 1-2 күн эмне кылышарын билбей калышкан. Оштун губернатору болуп турган Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен Алмазбек Атамбаевге чалып, шаардын коменданттыгына Курсан Асановдун талапкерлигин сунуштагам. Бул тарыхый чындык», — деди саясатчы.