Депутаттар Умбеталы Кадыралиев менен Бактыбек Турусбеков Баш мыйзамды «олдоксон» чечмелөө менен баарынын башын айлантып жатат. Бул тууралуу конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Ал жаңы Баш мыйзамды кабыл алууда жарандар билиши зарыл болгон мыйзам беренелерин белгиледи.
-
Баш мыйзамдын 114-беренесине ылайык, депутаттар Конституциянын жаңы редакциясын кабыл ала алышпайт, өзгөртүү гана киргизе алышат.
«Азыр болсо бизде иш жүзүндө Конституцияны алмаштырып коюу жүрүп жатат (өзгөртүү эмес) жана Баш мыйзамдын долбоорун коомго жана өлкөгө жасалма түрдө «таңуулоо» жүрүүдө».
- Конституциялык кеңешмени коомдук талкуу катары эсептөөгө болбойт.
«Нормативдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзам жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча коомдук талкуу мыйзам долбоорунун демилгечилери тарабынан жүргүзүлөт, тактап айтканда, учурда ЖК депутаттары тарабынан гана. Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен түзүлгөн (баш мыйзам боюнча анын буга укугу жок болчу). Буга байланыштуу Конституциялык кеңешменин ишмердүүлүгүн коомдук талкуу катары эсептөөгө болбойт».
- Конституциялык палата иштебей жатат.
«Конституциялык палатанын судьялары ЖМКлар аркылуу расмий түрдө Палатанын корутундусун алуунун зарылдыгы тууралуу кабарлаш керек эле».











