«Эл кантип жашайт?». Депутат электр энергияга болгон тарифти көтөрүүнү жылдыра туралы дейт

«Өкмөт дайыма эле кылабыз деп келечекти айтат. Киреше, айлык, жөлөк пул өспөй жатса… Анысы аз келгенсип, кургакчылык болуп жатса… Жөнөкөй тил менен бүгүнкү күндө эл кантип жашаш керек?». Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Август айында электр энергиянын баасын көтөрөбүз деп жатышат. Элдин чөнтөгүндө шамал ышкырып жатса, кантип төлөйт? Муну дагы жарым жылга жылдырыш керек. Азык-түлүк баалары да өсүп жатат. Ошону да карап кичине… Эл кантип жашайт? Эл кайсы киреше менен жашаш керек?» — деп сурады ал.

«Менин да бул маселеге жүрөгүм ооруп турат. Чындыгында акыбал жакшы эмес», — деди төрага Талант Мамытов. «Биздин жүрөгүбүз ооруп турат. Бирок элдин курсагы ач болуп турбайбы», — деди эл өкүлү.