Эл өкүлү Кубанычбек Жумалиевге карата финансы полициясы кылмыш ишин козгоп, туугандарын камакка алды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана анын туугандарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык финансы полициясына чет өлкөлүк инвестор, Германиянын “Б.Ф.” деген жаранынан арыз түшкөн. Анда Кыргыз Республикасынын ЖКнын  депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович жана башка адамдар анын ишенимине кирип алып, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион АКШ доллар турган жабдууларды алышканы айтылган.

Мындан улам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы арызды тактап, Жумалиевдин туугандары чет өлкөлүк инвесторду алдап кетишкенин аныктаган

«Германиянын “Б.Ф.” деген жараны “А.Ю.К.” ЖЧК менен түзүлгөн контрактка ылайык 1 млн АКШ доллар суммасында минералдык сууну куюучу жабдууларды жөнөткөн, аталган ЖЧКнын директору М.С.М. болуп саналат, ал К.Жумалиевдин жакын тууганы. Андан кийин, К.Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча, инвестор тарабынан дагы бир “С.К.” ЖЧКнын дарегине жабдууну жөнөтүлгөн, анын директору дагы депутатка жакындыгы бар адам – Ж.Э.С. болгон. Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.БВ” компаниясына — Германиянын жараны “Б.Ф.” 800 миң АКШ доллары суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, аталган компаниялардын директорлору кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта бул иш үчүн маанилүү болгон буюмдар жана документтер жоголуп, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонууларга байланыштуу Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан фирмалардын кеңселери тинтүүгө алынып жатат.

Кээ бир  маалымат булактары  кармалгандар Жумалиевдин уулдары экенин айтышууда.