Тармактык комитетте Кыргызстандын Кореядагы, Азербайжан жана Грузиядагы элчиликтеринин 2022-жылдагы жана 2023-жылдын 6 айынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Депутат Миргүл Темирбаева кыргыз-корей мамилелеринин артыкчылыктуу багыттары жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселесине токтолду. Элчи Аида Исмаилова Кыргызстан жакынкы 5 жылда ӨРЖ (Өнүгүү үчүн расмий жардам) аркылуу жардам ала турган артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин баса белгиледи. Мыйзамсыз мигранттардын саны боюнча депутаттын суроосуна Аида Исмаилова Түштүк Кореяда 714 мыйзамсыз мигрант бар экенин айтты.