Элчи болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди саясатчылар жана санаалаштары узатып жатышат

Бүгүн, 22-февралда элчи болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди саясатчылар жана санаалаштары узатып жатышат. Иш-чарадагы сүрөт, виделор соцтармактарга жарыяланды.

«Кээ бир партиялаштар «Текебаев саясаттан кетти» деп кайгырып жатышат. Мен саясаттан кеткен жокмун. Саясаттын эки түрү болот: ички жана тышкы саясат. Мен тышкы саясатка кетип жатам», — деди саясатчы. «Ата Мекен» партиясынын келечегине токтолгон экс-депутат анын кызматтык абалынан жана маанайынан көз каранды эместигин билдирди.

Өмүрбек Текебаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.