Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Ишеним грамоталарын тапшырды

Кечээ, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев Ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Салтанаттуу азем Анкарадагы президенттик сарайда өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Түркиянын президентине Ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуу болду. Анда тараптар мамлекеттер ортосундагы тарыхый достук жана бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлин белгилешти. Кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн, кеңейтүүнүн жана чыңдоонун жолдору, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу форматтагы мамилелер кеңири талкууланды.

Руслан Казакбаев кыргыз тарап эки боордош мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, ошондой эле президент Жапаровдун президент Эрдоганды 2023-жылы Кыргыз Республикасына иш сапары менен кетүүгө чакыруусун эске салды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тарап элчинин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык бир туугандык мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө жана бекемделишине ишенимин билдирди.