«Элчиликтерди тынч коюңуздарчы». Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу боюнча президент
Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катты.
«Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.
Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы», — деп жазылат билдирүүдө.
Бишкекте 1-июлга чейин Украинаны же Орусияны колдоо иретинде митинг өткөрүүгө тыюу салынганын шаардык милициядан маалымдашкан.