«Элчиликтин алдына барып жатып алууну токтотуш керек». Садыр Жапаров митингдерге тыюу салынганы тууралуу позициясын айтты

«Элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек». Президент Садыр Жапаров митингдерге тыюу салынганы тууралуу позициясын «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

«Эч ким чектөө койгон жок. Горький сейил багына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек да. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстан элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький сейил багына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең түнөп жатып алып өткөр», — дейт президент.