Эльдар Абакиров: «Англия же Америкада жашоо планыбыз бар болчу. Бирок мекенге кайтып келе бергенбиз»

«Саясий коктейль» берүүсүнүн бул жолку коногу Эльдар Абакиров көп жыл чет жерде иштеп, жашап жүрүп кайра Кыргызстанга кайтып келе бергенин айтат.

Ал кадамын Абакиров төмөнкүчө түшүндүрдү: «Казакстанда жашап, иштеп жүргөндө Англияга же Америкага кетип, ошол жакта жашайбыз деген планыбыз бар болчу. 2010-жылы 7-апрелдеги окуялар бизди коё бербеди. Кыргызстанга кайтып келдик. Бирөөнүн жеринде султан болгуча өз жериңдин ултаны бол деген кеп бар эмеспи. Сыртта жүргөн бизге окшош кыргыз балдар, кыздар мени беш колдой түшүнөт. Ооба, сыртта жакшы оокат кылсаң болот, үйрөнөсүң, карьера курасың… Бирок кандайдыр бир нерсе, жүрөк, сыздап турат«.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.