Эльдар Абакиров: «Бажы тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү аракетим үчүн жумуштан айдап жиберишкен»

SUPER TV каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө бул ирет Эльдар Абакиров конок болду. Экономика министринин орун басары болуп иштеген 3 жылга чукул аралыкта ал Бажы кызматындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө аракет кылганын, ошондон улам жумуштан айдалганын баяндайт: «Бажы терминалына келген жүк ташуучу машинаны ачып бир адам канча салык төлөй турганыңды чечип койбошу керек. Ал автоматтык түрдө эсептелип, бюджетке түшүүсү керек болгон акча сөзсүз түшүшү керек. Ошол системди жоюу үчүн долбоор жазып, эки жыл бою аны өткөрө албай койдум. Акыры ошонун кесепетинен жумуштан айдап ийди«,- дейт Абакиров.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.