Эльдар Абакиров: «Бийлик чыгымдарды кыскартышы керек»

Коронавирус пандемиясынан улам бүткүл дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да катуу зыян тартты. «Дүйнө эми мудагыдай болбойт» деген пикирлер көп айтылып жатат. Кыргыз бийлиги эртең кеч болбосу үчүн бүгүн эмне чараларды көрүшү керек?

SUPER TV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө Экономика министринин мурдагы орун басары  Эльдар Абакиров маек берип, өкмөт кечиктирбей жасашы керек болгон бир нече кадамды атап өттү. «Негизинен өкмөт чыгымдарды кыскартууга, оптимизацияга барышы керек, ошондой эле экономикалык процесстерди ылдамдатышы керек«,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.