Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Анын ишинин биринчи күнү кечээ, 15-декабрда болуп өттү.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти. Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан соң мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берип, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, уюштуруу жана өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.
Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, алар өз шайлоочуларынын айткандарын, алардын оюн, үнүн жеткиришти, сөздөрүндө аймактарды жана айылдарды өнүктүрүүгө басым жасап, социалдык маселелерди, атап айтканда, бул тармактын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу темасын көтөрүштү. Ошондой эле делегаттар чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...