2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур, андан кийинки өзгөрүүлөр жана бүгүнкү Кыргызстан тууралуу ой бөлүштү.
— Эми элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?
— Эскилердин каталарын кайталабашыбыз керек. Кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турушу керек. Ар бир шайлоого адилеттүүлүк менен мамиле жасасак, казынаны уурдабасак эле эч качан элдик толкундоолор кайталанбайт.
Бул шайлоону жеке өзүм көзөмөлгө алам. Адилетсиздик болду деп кайрылган округдарга дыкат көңүл буруп, адилеттүү чечимдерди чыгарабыз.
— Октябрь окуяларына талаштуу шайлоо себеп болгон. Эми алдыда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Эскиден сабак алып, элдин ишеними үчүн бул жолу эмнеге өзгөчө көңүл буруу зарыл деп ойлойсуз?
— Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөрүш үчүн бардык шарттарды түзүп бердик. Баарын автоматташтырдык. Элдин баары шайлоого катышсын деп, аралыктан добуш берүүнү уюштуруп жатабыз.
Мурда сен чаткалдык болуп, бирок шайлоо күнү облус борборуна же Бишкекке келсең добуш бере алчу эмессиң. Азыр эми каалаган жериңде жүрүп, Чаткалдын бюллетенин алып, добуш бере аласың. Бул чет өлкөлөрдө жүргөндөргө да тиешелүү. Берген добушуңар ар бириңердин өзүңөрдүн райондоруңардан коюп жаткан талапкердин эсебине кошулат.
Адам фактору аралашпайт. Бир дагы талапкер же эл ичинен кимдир бирөөлөр шайлоо таза эмес өттү деп айта албайт. Жасалма шайлоолор артта калды. Эми эл өзү оңолуш керек. Добушун сатпаш керек. Эгер эл массалык түрдө добушун сатса, бийлик күнөөлүү эмес да.
Ошондуктан бул жолу эл өзү көзөмөлгө алыш керек. Жаштар мекенчил болуп, добушун сатып атканын да, сатып алып жаткан талапкерин да кармап, уяткарыш керек. Мына ушуга эл өзү өзгөчө катуу көңүл буруусу зарыл деп эсептейм.