Электр энергиясынын түйшүгүнөн улам Талант Мамытов Камбар-Ата ГЭС-2ге барды

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов кечээ, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи блогун ишке киргизүү долбоору менен таанышты.

Камбар-Ата ГЭС-2нин жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВт жана ар бири 120 МВт болгон үч блоктон турат. Азыркы учурда бул жерде 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи блок иштейт, ал 2010-жылдын август айында пайдаланууга берилген.

Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү үчүн инвестицияларды издөөнүн натыйжасында Евразия өнүктүрүү банкы жана Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондусу менен жеңилдетилген насыяларды тартуу боюнча келишим түзүлдү. Ал долбоор 120 МВт кубаттуулуктагы станциянын экинчи суу агрегатын ишке киргизүүнү, ошондой эле 500 кВт (ОРУ) ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү курууну камтыйт.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу республикада электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу калган агрегаттарды тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. «Бизнестин жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы жыл сайын туруктуу өсүүдө, ошол эле учурда биз колдо болгон энергетикалык ресурстардын ондон бир бөлүгүн гана пайдаланабыз. Ошондуктан ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, көбүрөөк энергия иштеп чыгуу керек», — деди Мамытов.

Маалымат үчүн: Нарын дарыясы электр энергиясынын негизги булагы болуп саналат. Анда Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана «Камбар-Ата-2» ГЭСтери жайгашкан.