Өткөн аптада Дубайда өткөн экс-президенттердин жана учурдагы президенттин жолугушуусунун талкуусу ушул күнгө чейин токтой элек. Эл ичинде жаралып жаткан бир топ суроолор менен депутаттарга кайрылдык.
Депутат Элмурза Сатыбалдиев демилгени учурдагы президенттин көтөргөнүн айтып, 5 мурдагы президент колдогонун айтты. «Мындай жолугушуу болушу керек. Мындан бир мандем чыгарбаш керек»,- деди ал.
Ал ошондой эле «Бакиевдин Кыргызстанга келишин колдойсузбу?» деген суроого юрист катары төмөндөгүдөй жооп берди. «Бакиевге чыгарылган өкүмдөрдүн баары мыйзамсыз. Анын катышуусу жок чыгарылган. Бизде мыйзам боюнча айыбы өзүнүн катышуусунда угузулушу керек. Качып кеткен болсо, сырттан соттосо болот»,- деди ал.