Элмурза Сатыбалдиев: «Мен курултайга эмес, анын түзүлүшүнө каршымын»

«Мен курултайга каршы эмесмин. Ал болушу керек. Бул Баш мыйзамда жазылып калган», — деди «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде депутат Элмурза Сатыбалдиев.

«Мен бүгүнкүгө чейин курултайдын ич ара формасына каршымын. Курултай деген эмне, ал кандай болушу керек. Кандай ячейкалар түзүлүшү керек дегендей. Курултай республикалык деңгээлде бирөө болушу керек. Алар бир жылда бир жолу жыйынына токтолуп, мамлекеттеги саясий абал, экономикалык абал боюнча маалымат алып, өзүлөрүнүн сунуштарын бериши керек. Себеби бизде бийликтин үч бутагы бар. Курултай ачык эле дагы бир бийлик бутак болууга аракет кылып жатат», — деди ал.