Эльвира Сурабалдиева БУУнун өкүлү менен жолугушту

Вице-премьер-министрдин милдетин актаруучу Эльвира Сурабалдиева Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия боюнча Регионалдык бюросунун башчысы Ричард Коменда менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сурабалдиева бул жолугушуу адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууда Кыргыз өлкөсү менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөт деп белгиледи. Өз учурунда Ричард Коменда бул маселеде ачык жана кызматташууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү, анын ичинде Бишкек шаарында адам укуктарынын сакталышы, бул жааттагы заманбап долбоорлор жана кызматташуудагы актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүү жүрдү. Өкмөттүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жана өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында потенциалын жогорулатуу, Жаштар үчүн регионалдык борборду түзүү концепциясы боюнча биргелешкен иш алып баруу маселесинде макулдашууга жетишилди.