Эльвира Сурабалдиева: «Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген депутаттарды коркутуп жатышат»

«Төрага, сизди шайлап жатканда «депутаттардын үнү болом, атасы болом, коргоп турам» деп убада бергенсиз» деди депутат Эльвира Сурабалдиева спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып.

«Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш берген депутаттардын баарын коркутуп-үркүтүп жатышат. Ошол 19 депутат эми кейип баштайбыз «бизди коргой албасаңыздар, анда эмнеге шайладык» деп. Кечээ менин туулган күнүм болду. Урматтуу Камчыбек Ташиев, сизге чоң рахмат. Туулган күнүмө берген белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма иш козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да унутпайм.

Мен 2020-жылы 5-октябрда 2 жылдан кийин парламентке келсем, ушинтип УКМК коркутат деп ойлогон эмесмин. Кечээ депутаттар менен сүйлөшсөм, баарынын жакындары жумуштан алыныптыр. Менин жакындарым мамлекеттик кызматта иштебейт, алыскыларын да жумуштан алып жатышыптыр. Бул уят нерсе. Анан оокат-бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдин заманында да болгон эмес. Менин атамды Бакиевдер атып кеткенде ушундай ызы-чуу болгон.

Жайында 2 ай коркутуп-үркүтүп текшерип чыктыңар. Ошондо Акылбек Жапаровдун иш бөлмөсүнө чейин баргам. Президентке чейин жеткем. Ошондо билесизби, төрага кандай сөз болду эле? Мени митинг даярдап жатыптыр, аудио жазуу бар деп. Мага ошону бергиле десем, мага кол саат, грамота берип кутулуп кетирген. Эми 2 ай өтпөй, УКМК менин туугандарыма, бизнесиме барып коркутуп жатышыптыр. «Ал кызды тыйынсыз, талаада калтырам» деп. Биз сизди эмнеге шайладык эле. Баарыңар табакташ болуп алып, анан бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы. Бул эмне деген?» — деди ал.