Эльвира Сурабалдиева вице-премьерлик кызматтан кетти

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 2-февралда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал кызматтан кечээ, 1-февралда өз арызынын негизинде бошотулган.

«Мага жардам берген, мен кылган ишке сын айткан ар бир инсанга ыраазычылык билдирем. Бүгүн коронавирус боюнча түзүлгөн республикалык штабды Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берем», — деп жазды Сурабалдиева.