Эльвира Сурабалдиева: «Медбарондор» креслолору үчүн корко башташты. Туура кылышат»

Эльвира Сурабалдиева медицина кызматкерлеринин кайрылуусуна карата жооп узатты. Вице-премьер бул кайрылууну мамлекеттик ооруканаларды жеке кеңсе, жеке ишканаларга айлантып алган «медбарондордун» элдин көңүлүн башка жакка буруу, креслолорун сактап калууга аракеттери катары сыпаттады.

«Креслолору үчүн корко башташкан көрүнөт. Туура кылышат. Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөндөн бери айтып келе жатам, дагы айтам, бул иликтөөлөрдөн катардагы бир дагы медицина кызматкери жабыр тартпайт. Эл жайдын аптабында вирустан боо түшүп кырылып жатканда, медкызматкерлер СИЗдердин жетишсиздигинен вируска кабылып жатканда донор-волонтёрлордон келген гуманитардык жардамдарды сатып байыгандар сөзсүз жазасын алышат. Тийиштүү органдардын колу жетпесе Кудай алдында жооп беришет. Убактысы келет. Саламаттыкты сактоо системинде башаламандык жана шалаакылык күчүндө, а бизди болсо пандемиянын үчүнчү толкуну күтүп турат. Кайсы бир чиновниктерден улам бюджеттен пандемия менен күрөшүүгө деп бөлүнө турган миллиондор, тилекке каршы, карапайым жарандарга кайра эле жетпейт. Канчалаган миллиондор келгенин, канчалаган миллиондор катардагы врачтарга жетпей  айланып өтүп кеткенин билсеңер эле…»,- деп кейийт вице-премьер.