Эльвира Сурабалдиева мындан ары Жогорку Кеңештин депутаты эмес

Эльвира Сурабалдиева мындан ары Жогорку Кеңештин депутаты эмес. Бүгүн, 27-октябрда ал мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берип, бирок мындай кадамга барууга эмне себеп болгону тууралуу өзү үн ката элек. Борбордук шайлоо комиссиясы да бул маселени карап, анда Сурабалдиеваны депутаттык мандатынан ажыратты.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого Эльвира Сурабалдиева “Ата мекен” партиясынын талапкерлеринин катарында ат салышкан. Кийин шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу митингдерге Сурабалдиева активдүү катышып, парламенттин жыйындарында депутаттарга карата кескин сын пикирлерин да айткан болчу.

Парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө жылып кеткен. Ага чейин 6-чакырылыштын депутаттары иштешет.