Эльвира Сурабалдиева: «Саламаттыкты сактоо системасынын башына таза жетекчи келиши керек»

«Саламаттыкты сактоо системасына реформалар керек деп атайы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, былтыр келген гуманитардык жардам ким тарабынан кантип уурдалганын иликтеп бердик эле. Ошондо жоопкерчиликке тарта турган коррупционерлердин аттары да ачыкталган. Былтыр элди ыйга батырып, аркасы менен акча жасагандар эми да ишин улантышып, кайра эле «каргашалуу июлга» алып келишти». Бул тууралуу мурунку вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал кызматтан калк үчүн жоопкерчилигин түшүнбөгөн жетекчилер менен тил табышпай, кызматка жармашпай, сый мамиледе кеткен. «Бирок болуп жаткан оор кырдаалга системаны жеткирбейли деп, март айынан баштап тырпыраганда, уккан киши болсочу… Азыр да жүрөк тынч эмес, саламаттыкты сактоо министрди мынчалык системаны шылдыңдап, мамлекеттин коопсуздугун тобокелге салганына таң калбайм, бирок бул токтош керек. Эртеңки күнү кимдин аты менен жамынарын баардыгыбызга маалым болуп калды. Убагында жоопкерчиликти түшүнбөйт, уят кылат дегеним жетекчиликтин эсинде калса керек. Ооруканалар толду, чын дили менен эмгектенген доктурларыбыздын кыйналган кезинде, саламаттыкты сактоо системанын башына таза (калгандарын эл көрдү) жетекчи келиш керек», — деп жазды ал.