«Эки чакырылыштын депутаттарынын баары суракка чакырылууда». Сурабалдиева УКМКга кирип чыкканын ырастады

«Менин билишимче, суракка Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштагы бардык депутаттары, ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү, президенттик администрациянын өкүлдөрү чакырылып жатат». Мындай пикирин экс-депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына жазды.

«Менин билишимче, суракка Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштагы бардык депутаттары, ошондой эле ошол мезгилдеги өкмөттүн жана президенттик администрациялардын өкүлдөрү чакырылган. «Кумтөр» иши боюнча башкы прокуратура, аскер прокуратурасы жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ бар. Мени менен чогуу бир бөлмөдө экс-министрди жана парламенттин өкүлдөрүн суракка алышты. Суроолор стандарттуу, анын ичинде менин Суу кодекси боюнча позициям да бар. 2017-жылдын ноябрь айында бизде 22 адам ал өзгөртүүлөрдү кабыл алууга каршы добуш берген. Бирок 63 депутаттын колдогон добушу менен өзгөртүүлөр кабыл алынган эле», — деп жазды ал.

Буга чейин экс-депутат Эльвира Сурабалиеванын «Кумтөр» иши боюнча сурак берип чыкканы маалымдалган эле