Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Атазовдун айтканына жооп кайтарды

Министрликтин бардык жетекчилери аймактарга иш сапарларга жигердүү чыгууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы 6 айда Эмгек министрлигинин бардык жетекчилери, анын ичинде министр Кудайберген Базарбаев жана үч орун басары жарандардын социалдык көйгөйлөрүн жеринде чечүү максатында аймактарга үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө иш сапарларга чыккан. 

«Министр Кудайберген Базарбаев аталган мезгилде бир нече жолу Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында иш сапарда болгон. Ар бир облуста эл менен, социалдык тармактын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, жарандарды кабыл алууну уюштуруп, элдин көйгөйлөрүн жеринде чечип келген Министрдин орун басарлары, ошондой эле ведомство жетекчилери да аймактарга үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө командировкага чыгып, социалдык багыттагы иштерди алып барышат», — дешти алар. 

 Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитет жыйынында депутат Шайлообек Атазов министр Кудайберген Базарбаевди ак кол атап, кабинетинен чыкпайт деп айыптаган