Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.