Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги жактырылды. Жогорку Кеңеш бүгүн анын бул кызматка келишине макулдук берди. Солтонбекова соңку эки жылдан бери аталган мекемеде министрдин орун басары катары иштеп келген.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Улукбек Кочкоров өзүнүн каалоосу менен жумуштан кеткенин интернет аркылуу билгенин айткан. Анын ордуна Аида Исмаилова сунушталып, бирок аны парламент жалпы жыйында бекитпей койгон эле. Депутаттар Исмаилованы пандемия күчөп турган маалда вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп парламенттик шайлоого барганы үчүн катуу сындашкан болчу.
Садыр Жапаров кеңешчи жана жардамчыларын эмне себептен иштен бошоткон?
Президенттин маалымат кызматынын башчысынын айтымында, өлкө башчысынын жардамчыларынын бири Айдар Халиков кызматтык күбөлүгүн өзүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланган. "Өзбекстандан контрабанда менен...