Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
Кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңеште аталган кызматка Солтонбекованын талапкерлиги жактырылган. Ал соңку эки жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары катары иштеп келген.











