Акимдер менен орун басарлар аттестациядан өткөрүлөт

Бардык райондук администрациянын башчылары акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, жакында кадрларды ротациялоо принциби ишке киргизилет. Себеби мындай кадамдар  кадрлардын алмашуусу аймак жетекчилеринин натыйжага жана сапатка иштөөсүнө түрткү берет.

«Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт. Президенттин жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү аймактан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет», — деп билдирүү таратты Марипов.

Ошондой эле премьер-министр учурда ротациялоо тажрыйбасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келгенин, мунун жакшы жагы райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптануусун шарттай турганын кошумчалады.