Эмил Токтошев: «Кимдин компаниясы жеңилдетилген насыя алат билбейм»

Депутат Эльвира Сурабалдиева жеңилдетилген шартта бериле турган насыяны ала турган ишканалардын арасында министрлер менен депутаттарга таандык компаниялар бар экенин айтып чыкты. Бул коомчулукта түркүн ойлорду жаратып, Министрлер кабинетинен агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнө турган 10 миллиард сом боюнча маселени өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдиришти.

21-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калп маалымат таратылып жатканын, насыянын акчасы келе электигин айтты. Мындан улам депутаттарга «Жеңилдетилген насыяны чоңдор да ала турганы сынга кабылды. Бул туурабы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Эмил Токтошевдин айтымында, агрокредит боюнча Айыл чарба министрлиги программа түзүп, өкмөттөн бекитилип, кабыл алынган. «Бул президенттин программасы. Абдан туура. Биз дагы айтканбыз, калыс бөлүштүрсүн деп. Кимдин компаниялары бар билбейм. Эми Кыргызстан кичинекей элебиз да. Туугандарыныкы болушу мүмкүн. Кеп анда эмес, кеп продукция экспорттолушу керек», — деди ал.