Эмилбек Каптагаев: «Июнь окуялары боюнча саясий кызыл кулактыкка жол бербей, коомду ынандыра турган жооп керек»

Президент Садыр Жапаров УКМКга 2010-жылы орун алган Июнь окуялары боюнча материалдарды кайрадан иликтеп чыгууну тапшырды. Аталган окуя ошол жылы революция жолу менен бийликке келген Убактылуу өкмөттүн талылуу жери катары коомчулукта мүнөздөлүп келет. Андыктан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Июнь окуяларын кайрадан иликтеп чыгууга жөндүү негиздер барбы?» деген суроо менен 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, аппарат башчы болгон Эмилбек Каптагаевге кайрылды.

«2010-жылдагы июнь трагедиясы өтө оор болгон, жараат эмдигиче бүтө элек. Ошол учурда Улуттук комиссия, Эл аралык комиссия жана башка дагы көптөгөн коомдук комиссиялардын иликтөөлөрүнө, тыянактарына карабастан коомдо суроолор дале көп. Анын үстүнө бул темада ачыктан-ачык эле саясий кызыл кулактык да көп. Менин оюмча бул теманы саясатташтырбай, кандайдыр бир бурмалоолорго жол бербей, объективдүү иликтеп, коомду ынандыра турган жооптор берилиши туура эле болот», — дейт Каптагаев.