Эмне үчүн Асман? Президент аталыш кандай тандалганын айтып берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Ал шаардын аталышы кандай тандалганын айтып берди.

«1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды. «Асман» шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен “Асман” экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз.

Биз акылдуу шаарыбызды эмне себептен “Асман” деп атап жатабыз? Асман орусчага небо, англисчеге скай (sky) деп которулат эмеспи. Биз дагы өз дараметине ишенүү менен жаңы-жаңы бийиктиктерге умтулуунун, алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, аларды иш жүзүнө ашыруунун символу болуп калсын деп жакшыга жоруп, аруу тилек кылып, ушундай ысым ыйгарып жатабыз.

Кудай буюрса, Асман шаары ар бир позитивдүү адамдын өз бийиктигин таба алган, ой-кыялдарын орундата алган керемет жайына айланат. Албетте, шаар куруу, айрыкча, акылдуу шаар куруу – бул өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспектилерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс», — деди ал.