Эмне үчүн жарык өчүрүлүп жатат? Садыр Жапаров жооп берди

Өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшү эмне себептен орун алып жатат жана аны чечүүгө кандай кадамдар жасалууда? Бул боюнча «Кабар» агенттигине өлкө башчысы Садыр Жапаров маек курду.

— Учурда Кыргызстандын ар кыл аймактарында электр энергиясы кыска мөөнөттө өчүп жатканына даттанган жарандар көп болуп жатат. Ушундай маселе барбы? Ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгы кооптондуруп жатабы?

Ооба, бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 миллиард кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 миллиард кВт саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес.

Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энергия булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Бирок ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз.

2020-жылдан бери бир канча социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилер салынды.

2021-жылы курулган 109 объекттин 59у мектеп болгон.
2023-жылы – 210 объект курулган, анын 124ү мектеп.
2024-жылы 362 объект салынган, анын ичинен 190у мектеп.

Демек, электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Жогорудагы аталган объектилерден сырткары дагы көптөгөн чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Мисалы, Чүй облусунда быйыл ишке кирген “Терек Таш” цемент заводунун эле колдонуучу кубаттуулугу 30 МВт түздү.