Тышкы иштер министрлиги бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн туристтик виза берүүнүн токтотулушу боюнча комментарий берди.
Маалыматка караганда, бул чаралар Пакистан, Индия жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандары тарабынан Кыргыз Республикасына келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында көрүлгөн. Коопсуздук жана укук тартиби маселелерин эске алуу менен бир катар чет мамлекеттердин жарандарынын кирүүсүн жана келүүсүн көзөмөлдөө үчүн эффективдүү алгоритм иштелип жатат.
Алгоритм чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында болушу үчүн чакыруучу тараптын жоопкерчилигин карайт. Буга байланыштуу «Электрондук виза» порталында кыргыз визасын алуу процессин өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүрүп жатат. Абитуриенттердин атынан туристтик виза алуу үчүн арыздарды өз алдынча тапшыруу функциясы убактылуу токтотулду жана ишкердик виза алуу шарттарына окшоштуруп, кабыл алуучу уюмдан айрым өлкөлөрдүн чет элдик жарандарын чакыруу функциясы киргизилүүдө.