«Эмнеге «детский сад» болуп жатабыз?» Депутат кесиптештерин сынга алды

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 4 министрдин талапкерлиги каралып жатат. Көпчүлүк депутаттар жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты. Депутат Акылбек Түмөнбаев бир эмес, төрт министр кызматка келип жатканын айтып, башчысы да келиши керектигин билдирди. Сунуш добуш берүү менен өттү.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев сөз сүйлөп, депутаттардын «детский сад» болуп жатканын айтты. «Өкмөт күндү белгиледик да. Ошол күнү бул министрлерди шайлап берсек, келмек да. Ошондо эле сурап алмакпыз да. Эмнеле «детский сад» болуп жатабыз? Буларды шайласак кетмек да. Туруп алып эле «кетир, алып кел» деп эле», — деди ал.