«Эмоция менен ашыкча сөздөрдү сүйлөп алдык». Жээнчороев Зулушев менен түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарганын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Курманку Зулушев менен жолугуп, түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарганын айтты.

«Кечээ күнү азыр баяндай турган маселелер боюнча экөөбүз пикир келишпестикке барып калдык. Мен ойлойм кечээ эмоция менен бири-бирибизге ашыкча сөздөрдү сүйлөп алдык. Бирок биз кезигип, бардык маселелерди такташып, ортодо болгон ушак, түшүнбөстүктөрдү жокко чыгардык. Мындан кийин мыйзам менен так иштешебиз деп ойлойм», — деди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев да бул окуя боюнча  өз пикирин билдирди. «Мен башкы прокурор катары эч качан бирөөнүн артынан буйрутма берип, арыз алып же камап укугун тебелебейм. Ага акым да жок», — деди ал.

Кечээ, 21-сентябрда комитет жыйынында Курманкул Зулушев менен Мирлан Жээнчороевдин ортосунда кайым айтышуу башталган. Анын жүрүшүндө депутат «Курманкул Токторалиевич айтып коёюн, сиздин жанагы «ээ, Камчыке, (ред. УКМКнын төрагасы) мобу Мирланга «бир нерсе» таап берчи, тилим укпай жатыр» дегенди. Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт» деген. Ал эми башкы прокурор анын айтканына мындай команда болбогонун, болсо, илинчек таап коюш оңой экенин билдирген.